Көк-Жаңгак шаарынын мэринин эл менен жолугушуусу

2026-жылдын 15-апрелинде Көк-Жаңгак шаарынын мэри Малабеков Данияр Турусбекович шаардын 23-кварталынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушууда Данияр Турусбекович жашоочуларга келечектеги пландары менен бөлүшүп, жашоочулар тарабынан берилген суроолоруна жооп берди.

Жолугушуунун аягында кварталдын аксакалы, шаардык аксакалдар сотунун төрагасы Усөнов Кадыш ата шаардын мэри Данияр Турусбековичке ак батасын берип, ишине ийгиликтерди каалады.