Кыргыз Республикасы
Чүй областы
Сокулук району
Первомайский Айылдык Кеңеши
Кыргызская Республика
Чүйская область
Сокулукский район
Первомайский Айылдны Кеңеш
29-июль 2022-жыл. №7/28
Первомайское айылы
1. Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Сартпаев:
- Первомайский жана Национальный айылдарындагы учурдагы кѳрстѳндѳргѳ жакын жайгашкан участокторду изилдеп, кеңейтүүгѳ ылайыктуу жер тилкелерин тапсын;
- табылган жер тилкелерди кѳрстѳнгѳ которуу үчүн, тийиштүү органдарга кайрылып, корутундуларын алсын;
- аткарылган иш-чаралар боюнча айылдык кеңештин сессиясында маалымат берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Первомайский айылдык кеңешинин жер комиссиясына жүктѳлсүн.
Кыргыз Республикасы
Чүй областы
Сокулук району
Первомайский Айылдык Кеңеши
Кыргызская Республика
Чүйская область
Сокулукский район
Первомайский Айылдны Кеңеш
29-июль 2022-жыл. №7/29
Первомайское айылы
1. Жашаган жери боюнча жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу үчүн Первомайский айыл аймагында кварталдык комитеттери түзүлсүн.
2. “Первомайский айыл аймагында кварталдык комитеттери жөнүндө” жобо бекитилсин
3. Первомайский айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ушул токтомду Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрсүн
4. Бул токтомдун аткарылышы Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктѳлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳнү ѳзүмѳ калтырам.
|
Первомайский айылдык кенешинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 7/29 токтомуна 1-тиркеме |
Первомайский аймагындагы кварталдык комитеттери жөнүндө
Жобо
(Первомайский айылдык кеңешинин 2022-жылдын 29-июлундагы №7/29 токтомдун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Комитеттерди шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
III. Комитеттердин функциялары жана ыйгарым укуктары
IV. Комитеттердин жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда шайлоо
V. Жыйынтыктоочу бөлүк
I. Жалпы жоболор
Бул жобо Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык кварталдык комитеттердин иш-аракетин жөнгө салат.
1. Кварталдык (мындан ары - Комитеттер)-аймактык коомдук өз алдынча башкаруу деп жашаган жери боюнча жарандардын жергиликтүү маанидеги маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу үчүн айыл аймагынын бир бөлүгүндө өз алдынча уюму түшүнүлөт.
2. Кварталдык комитеттер турак-жай комплекстеринде, конуштарда жана жеке курулуш райондорунда түзүлөт.
3. Комитеттин иш-аракетинин аймагынын чегаралары райондук администрациялардын жана тургундардын сунуштарын эске алуу менен Первомайский айылдык кеңеши тарбынан белгиленет.
4. Комитеттер жарандардын жалпы чогулуштарында (жыйындарда) шайлоо негизинде түзүлөт.
5. Комитеттер Первомайский айылдык кеңеште аларды эсепке алып каттоо учурунан тартып өзүнүн статусуна ээ болот.
6. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бардык формалары өз ишинде өздөрүн шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттаган жергиликтүү кеңешине отчет берет.
II. Комитеттерди шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
7. Комитеттерди шайлоо бул кварталдын аймагынын чектеринде жашаган жана катталган жарандардын жалпы жыйналыштарында өткөрүлөт.
8. Жалпы жыйналышты ошол аймактын тургундары менен биргелешип уюштурушат жана өткөрүшөт.
9. Жалпы жыйналыштын ишине төмөнкүлөр катыша алат:
а) тийиштүү аймакта катталган 18 жашка толгон, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү;
б) Первомайский айылдык кеңештин депутаттары, Первомайский айыл ѳкмѳтүнүн өкүлдөрү добуш берүү укугу менен;
10. Жыйналышка катышкан тургундардын жалпы санынан 50%ын жогору алган талапкерлер шайланды болуп эсептелинет.
Кварталдык комитеттердин мүчөлөрү жылдык мөөнөткө шайланат.
11. Комитеттин иш жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн Комитеттин курамы 2-3 мүчөсүнөн кем эмеси шайланышат. Саны жалпы чогулуш тарабын-ан бекитилет. Комитеттин сандык курамы так сан болуусу керек.
12. Кварталдык комитетинин төрагасы 18 жаштан жаш эмес жана, бул кварталда туруктуу катталган жана жашаган, ортодон кем эмес билими менен, соттолбогон же соттолгондугу белгиленген мыйзам тартибинде алынган жана жоюлган Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
13. Шайланган Комитет жыйналыштан кийин сөзсүз түрдө комитеттин төрагасын жана анын орун басарын шайлай турган уюштуруу кеңешмесин өткөрөт.
14. Жаңы кварталдык комитеттерди түзүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйналышы бул жобонун 8-пунктуна ылайык чакырылат.
15. Жаңы кварталдарды, үй комитеттерди түзүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйналышын даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле шайлануучу жактарды шайлоо ачык-айкын өткөрүлөт.
III. Комитеттердин функциялары жана ыйгарым укуктары.
16. Комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
1) ушул аймактын маселелерин талкуулоо учурунда жергиликтүү кеңештердин ишине катышууга;
2) аймакты көрктөндүрүү, оңдоо, санитардык тазалоо боюнча ишке катышууга;
3) жергиликтүү кеңештердин, алардын аткаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүүгө;
4) жарандардын курултайларынын, жыйындарынын (чогулуштарынын) чечимдеринин аткарылышын уюштурууга.
5) коомдук жашоонун ар кандай маселелери боюнча демилге көтөрүп чыгууга, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш киргизүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик-укуктук актылары жана чечимдери жөнүндө калкты маалымдоого жана алардын аткарылышын уюштурууга;
7) турак жай-коммуналдык чарба иштери, каттоого алуу жана тургундар менен иштөө маселелери боюнча актыларды түзүүгө
8) өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан белгиленген башка ыйгарым укуктар.
17. Келишимдин негизинде Первомайский аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ага берилген функцияларды аткарат жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
18. Комитеттин төрагасы:
а) комитеттин ишин уюштурат;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана менчиктин ар кандай түрүндөгү көз карандысыз мекемелерде комитетти көрсөтөт;
в) Первомайский аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өзүнүн чечимдеринин аймактын тургундары тарабынан аткарылышын уюштурат;
г) Бул жободо каралган ыйгарым укуктарды, ага берилген функцияларды аткаруу боюнча Первомайский аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыны менен келишим түзөт.
19. Тийиштүү аймактын калкынын кызыкчылыгына тийиштүү маселелерди чечүүдө өз ыйгарым укуктарынын чегинен ашырып жиберген учурда Первомайский айылдык кеңеш жана МАБ тарабынан жазуу түрүндө эскертүү берилүүсү мүмкүн.
IV. Комитеттердин жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда шайлоо
20. Комитеттер төмөнкү учурда мөөнөтүнөн мурда шайланат:
а) аймактык тургундарынын жалпы санынын 35%дан кем эмес демилгечи тобунун сунушу боюнча;
21. Комитеттердин төрагалары төмөнкү учурларда кайрадан шайлануусу мүмкүн:
а) өзүнүн милдеттерин тийиштүү аткара албаганда;
б) Первомайский айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссия тарабынан, берилген аймактагы тургундардын жалпы санынын 35%дан кем эмес аны шайлаган жашоочулар жана Комитет тарабынан ишеним көрсөтпөгөн учурда;
в) өзүнүн арызы же ден-соолугунун абалы боюнча;
22. Комитеттин төрагасын кайра шайлоодо иштеп жаткан комитеттин курамынан шайланат.
V. Жыйынтыктоочу бөлүк
23. Жарандардын жалпы чогулушунун (жыйналыш), комитеттин уюштуруу кеңешмесинин протоколдорунун көчүрмөлөрү Первомайский айылдык кеңештен катталгандан кийин учетко коюла турган МАБга берилет.
24. Бул Жобого толуктоолор жана өзгөрүүлөр Первомайский айылдык кеңештин депутаттарынын, Перовомайский айыл ѳкмѳтүнүн сунуштарынын негизинде киргизилет жана Первомайский айылдык кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
|
Первомайский айылдык кенешинин жоопту катчысы |
Т.Кутманалиева |